Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:50

Маматалиев: Ыш маселеси чечилбесе өкмөттүн отставкасын талап кылам (видео)


Марлен Маматалиев.
Марлен Маматалиев.

Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев Бишкектин абасын тазартуу боюнча алгылыктуу иштер жүрбөсө өкмөттүн отставкасын талап кыларын жарыялады. Депутат парламенттин 19-декабрдагы жыйынында өкмөткө газдаштырууну тездетүү керектигин айтып, бул ишке 4-5 млн. сом каражат кетерин кошумчалады.

Ал Бишкектеги ыштын 80 пайызы Жылуулук электр борборунан чыккан түтүндөн болуп жатканын, борбор модернизация болгондон кийин сапатсыз көмүр жагылып жатканын билдирди.

- Бул маселени эл, депутаттар көтөрүп жатат бирок өкмөт көзгө көрүнөрлүк иш кыла элек. Же буга тиешеси бар кызматкерлерди жоопко тартпай жатасыңар. Эгерде мындан ары да ушинте берсеңер мен өкмөт кетсин деген маселени коём, - деди Маматалиев.

Экономика министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метеорология боюнча борбору (Кыргызстандарт) АКШ элчилигинде орнотулган абанын сапатын текшерүүчү мониторду (AQM) расмий каттады. Элчилик орноткон «Airnow» жабдуусунун маалыматына ылайык, ноябрда Бишкек дүйнөдөгү абасы кир шаарлардын бири деп табылган.

Экологдор эки жылдан бери Кыргызстандын борборунда абанын булганганы тууралуу коңгуроо кагып келет. Бирок кара түтүндү азайтуу боюнча чукул чара көрүлө элек.

12-декабрда Бишкектеги Ала-Тоо аянтында «Биз тумчугуп баратабыз! Бизге таза аба керек!» деген акция өткөн. Чогулгандар бийликти шаарды каптаган түтүн маселесине көңүл буруп, кескин чара көрүүнү талап кылышкан. (BTo)

XS
SM
MD
LG