Камакта отурган саясатчы Садыр Жапаровдун тарапташтары саясатчыны бошотуу талабы менен 19-декабрда Бишкектеги Максим Горький паркына нааразылык акциясына чыгышты. Алар бийликтен Жапаровго ырайым кылууну талап кылышууда.
Кумтөр маселесине байланыштуу өкмөткө каршы чакырыктары менен белгилүү болгон Садыр Жапаров «2013-жылы Караколдо митинг уюштуруп, Ысык-Көлдүн ошол кездеги губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алган» деген айыптын негизинде, 2017-жылдын мартында камакка алынган. 2018-жылы июнь айында 11 жыл, алты айга кесилген.
Анын жактоочусу Шарабидин Токтосунов ноябрь айында Жапаров президент Сооронбай Жээнбековдон ырайым сураганын кабарлап, саясатчынын ырайым суроо боюнча өтүнүчүнүн текстин жарыялаган. Адвокат бул кат президентке караштуу ырайым кылуу маселелери боюнча комиссияга берилгенин, бирок ал каралбай жатканын айтып чыккан.
Ал эми президентке караштуу ырайым кылуу маселелери боюнча комиссия Жапаров боюнча материалдар толук келе элек экенин билдирген. (BTo)