Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:30

Кесиптик кошуундар федерациясынын жетекчисине нааразылар кайрадан митинг өткөрүштү


Кесиптик кошуундар федерациясынын жетекчиси Мирбек Асанакуновго каршы митингге чыккандар. 19-декабрь, 2019-жыл.
Кесиптик кошуундар федерациясынын жетекчиси Мирбек Асанакуновго каршы митингге чыккандар. 19-декабрь, 2019-жыл.

Бишкек шаарында ондогон киши Кесиптик кошуундар федерациясынын жетекчиси Мирбек Асанакуновго каршы митингге чыгышты. Алар мекеменин башчысы кошуунга чогулган мүчөлүк акыларды мыйзамсыз жумшап, федерациянын карамагындагы эс алуучу жайларды багытсыз иштетип жатканын айтып, анын кызматтан кетишин талап кылышты. Чогулган адамдар Жогорку соттун имаратынын алдында турушат.

Чогулгандар митингдерин жыл башынан бери улантып келе жатышат. Мурдагы акциялардан кийин Кесиптик кошуундар федерациясынын басма сөз катчысы Мира Осмоналиева митингге чыккандардын дооматтары негизсиз экенин билдирген.

Мирбек Асанакунов Кесиптик кошуундар федерациясынын төрагалыгына 2017-жылдын 16-январында шайланган. Ага чейин КСПД партиясынан Жогорку Кеңеште депутат, Ысык-Көл облусунун губернатору болуп иштеген. (ErN)

XS
SM
MD
LG