19-декабрда Матраимовдордун үй-бүлөсү үч басылмага жана журналистке каршы жазган арызынын негизинде алгачкы сот отуруму башталды. Аны Свердлов райондук сотунун судьясы Жылдыз Ибраимова карап жатат.
Матраимовдордун адвокаты Татьяна Карыжинская жараянды видеого тартууга тыюу салуу өтүнүчү менен сотко кайрылды.
Медиалардын адвокаттары буга каршы болушту. “Азаттык Медианын” өкүлү Акмат Алагушев жана Алтынай Исаева бул окуя резонанстуу болуп, коомчулуктун кызыгуусун жараткандыктан видео жана түз тартууга уруксат берүүнү суранды. Тараптардын жүйөсүн уккандан кийин сот видео тартууга тыюу салды.
Матраимовдордун үй-бүлөсү «Азаттык» радиосун, кабарчы Али Токтакуновду, «Kloop.kg» жана 24.kg сайттарын 9-декабрда сотко берип, жалпы өлчөмү 60 миллион сомдук доо койгон.
Аталган маалымат каражаттары «Матраимовдордун кадыр-баркына доо кетиргени» белгиленип, моралдык чыгым өндүрүү жөнүндө талап коюлган. Анын негизинде Бишкектин Свердлов райондук соту басылмалардын банк эсептерин камакка койгон. Кийинчерээк Матраимовдордун адвокатынын арызынын негизинде эсептер кайра камактан чыгарылган.
Матраимовдор журналисттер аткезчиликтин жана жемкорлуктун бетин ачкан иликтөөдө куру дооматка кабылганын айтышууда. Бул жагдайдан улам жарандык активисттер сөз эркиндигин коргоо жана коррупцияга каршы реалдуу күрөштү бийликтен талап кылып, 18-декабрда "#REакция 2.0" деген тынчтык митингин уюштурушту.
Cотко арыз төмөнкүлөрдүн атынан жазылган:
Искендер Матраимов, Жогорку Кеңештин депутаты;
Райымбек Матраимов, Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары;
Минавар Жумаева, Искендер Матраимовдун аялы;
Уулкан Тургунова, Райымбек Матраимовдун аялы;
«Исмаил Матраимов атындагы фонд» коомдук кайрымдуулук фонду.
Доонун суммасы:
«Азаттык Медиа» мекемесине – 22,5 миллион сом;
Журналист Али Токтакуновго – 10 миллион сом;
24.kg маалымат агенттигине – 15 миллион сом;
«Клооп Медиа» коомдук фондуна – 12,5 миллион сом
Соттун аныктамасында Матраимовдордун арызы эмнеге байланыштуу экени так көрсөтүлгөн эмес. Мурдараак Райымбек Матраимов журналисттер аткезчиликке байланыштуу чыгарган иликтөөлөргө байланыштуу сотко кайрыларын билдирген.
Быйыл 21-ноябрда жана 4-декабрда «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо» жана «Көмүскө акча ташыгандар кербени» деген иликтөө жарыяланган.
Анда көпчүлүккө белгисиз Хабибулла Абдукадыр аттуу үй-бүлөнүн карго компаниясы кыргыз бажысындагы көмүскө схемалар аркылуу ири суммада акчаны адалдаштырып, миллиондогон доллар мыйзамсыз өлкөдөн чыгарылып турганы көрсөтүлгөн. Иликтөө ал иштерге Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун тиешеси бар экенин ашкерелеген.
Журналисттик иликтөөгө байланыштуу Райымбек Матраимов УКМКда сурак берген. Иликтөөнүн биринчи бөлүгү ушул жылдын май айында чыккан. (ErN\BkA)