Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:47

Аймактардагы 46 райондук гезит-журнал жоюлду


Салкын Сарногоева Жалал-Абаддагы жыйын учурунда.
Салкын Сарногоева Жалал-Абаддагы жыйын учурунда.

Аймактардагы ЖМКларды реформалоонун алкагында Маалымат жана массалык коммуникациялар департаментине караштуу 46 гезит-журнал жоюлду. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу аталган департаменттин башчысы Салкын Сарногоева Жалал-Абадда өткөн жыйын учурунда билдирди.

- Юстиция министрлиги жогорудагы ЖМКлардын ишмердүүлүгүн токтотуп, жаңы медиа борборлорду түзүү боюнча иштер жүрүп жатат. Облустарда иштеген 600 кызматкердин 110ну кыскартылып, калгандарынын маянасы 15 пайызга көбөйдү. Учурда жети облуста медиа борборлорду түзүү боюнча иштер жүрүп жатат. Ага облустук телеканал менен облустук гезиттер бириктирилет. Жаңы жылдан баштап аймактык медиа борборлордун бирдиктүү маалымат сайты да иштей баштайт. Аны жасалгалоо жана иштеп чыгуу боюнча тендер жарыяланды, - деди Сарногоева.

Мындан сырткары январь айынан тартып медиа борбордун ар бир кызматкерлери жаңыча иштөө усулу боюнча окутулуп, маалыматтарды таратууда телеканал, гезит, сайт багытындагы иштей башташат. Ар бир райондо экиден кабарчы болот. Медиа борбор жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарын заман талабына ылайык иштетүүгө шарт түзүү максатында түзүлүүдө. (RsK)

XS
SM
MD
LG