Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:25

Саймаитиге жасалма паспорт берген кызматкерге козголгон иш токтотулду


Айеркен Саймаити.
Айеркен Саймаити.

Кытай жараны Айеркен Саймаитиге жасалма кыргыз паспортун жаздырып берген деп шек саналган Сузак райондук калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүнүн жетектөөчү адисине козголгон кылмыш иши токтотулду.

Мындай чечимди «Кылмыш ишинин мөөнөтү өтүп кеткен» деген жүйө менен ушул жылдын ноябрь айында Сузак райондук соту чыгарганын Мамлекеттик каттоо кызматы ырастады. Маалыматка караганда, прокуратура райондук соттун чечимине каршы облустук сотко арызданды.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) эл аралык издөөдө жүргөн Айеркен Саймаити 1982-жылы туулган Кыргызстандын жараны Самятов Эркин Салимовичтин атына мыйзамсыз берилген (ID-карт, чет элдик паспорт) паспортторду колдонуп жүргөнүн тактаган.

Ушул жылдын июль айында ИИМ «Паспортту мыйзамсыз берүү» фактысы боюнча иликтөө иштерин баштап, Сузак райондук калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүнүн жетектөөчү адисине айып коюлган.

Кыргызстандын бажысындагы коррупциялык схема боюнча журналисттерге маалыматтарды жана жүздөгөн документтерди берген Айеркен Саймаити 10-ноябрда Стамбулдагы мейманканалардын биринин кафесинде отурган жеринен атып өлтүрүлгөн. Түркияда аны өлтүрүүгө шектүү катары төрт киши кармалды. (BTo)

XS
SM
MD
LG