Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:58

Тегеран соту журналисттерди эркинен ажыраткан өкүмдү күчүндө калтырды


Ирандагы Эвин түрмөсү. Иллюстрациялык сүрөт
Ирандагы Эвин түрмөсү. Иллюстрациялык сүрөт

“Чек арасыз кабарчылар” уюму Тегеран сотунун журналисттерди эркинен ажыратуу өкүмүн күчүндө калтырган чечимине тынчсыздануусун билдирди.

Парижде жайгашкан уюмдун 18-декабрдагы маалыматына ылайык, Тегерандын апелляциялык соту “Кадам” журналынын төрт журналистинин жаза мөөнөтүн ар бириникин 18 жылдан 5 жылга чейин түшүрдү. Баштапкы өкүмдү сентябрда Иран башкалаасынын революциялык соту чыгарган.

Журналисттер бир жыл мурун улуттук коопсуздукка байланышкан айыптардын негизинде кармалышкан. Алар Хузестан чөлкөмүндө укуктарынын корголушун, иш шарттарынын жакшыртылышын талап кылган жумушчулардын нааразылык акцияларын чагылдырып жүрүшкөн.

"Чек арасыз кабарчылар" уюму 18-декабрда Тегерандын ошол эле соту дагы бир журналист 10 жыл жана 148 балак урууга өкүм кылынган Марзиех Амиринин жазасын 5 жылга түшүргөнүн билдирди. Реформачыл “Шаргх” гезитинин журналисти май айында борбор шаарда парламент жанындагы демонстрацияларды чагылдырганда кармалган.

Сот чечимдери Иран өткөн айдагы нааразылык акцияларды күч менен басканы үчүн эл аралык коомчулуктун катуу айыптоосуна туш болуп жаткан маалда чыкты. Эл аралык Мунапыс уюму бир нече күндүк толкундоолордо кеминде 304 киши өлгөнүн, куугунтук азыр да уланып жатканын билдирди. Ислам жумуриятынын жетекчилиги уюмдун маалыматтарын “калп” деп атады.

XS
SM
MD
LG