Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
дүйшөмбү, 20-январь, 2020 Бишкек убактысы 10:14

Словакияда журналисттин өлтүрүлүшү боюнча сот башталды


Мариан Кочнер сотто. Пезинок, 19-декабрь, 2019-жыл

Словакияда иликтөөчү журналист Ян Куциякты өлтүрүү боюнча сот процесси башталып жатат. Сот алдында бизнесмен, миллионер Мариан Кочнер жооп бермекчи. Прокуратура ишкерди журналисттин көзүн тазалоого буйрук берген деп айыптоодо. Журналистти жана анын сүйлөшкөн кызын 2018-жылы февралда Братиславага жакын жердеги үйүндө атып кетишкен.

Маркум ошол маалда Словакиянын премьер-министри Роберт Фицого жакын адамдардын итальян мафиясы менен байланыштарын иликтеп жаткан. Куцияктын аягына чыкпай калган макаласы ал өлгөндөн кийин жарык көрдү. Бардыгы болуп бул кылмышка байланыштуу төрт киши камакка алынган. Алардын бири, мурдагы аскер Мирослав Марчек журналистти жанан анын кызын өлтүргөнүн моюнга алган.

Бул окуя жана Куцияктын акыркы иликтөөсү өкмөткө каршы демонстрацияларга себепчи болуп, өкмөт башчы Фицо, ички иштер, маданият министрлери жана полиция башчысы кызматтарынан кетишкен.

Куцияк киши колдуу болгонго чейин аны аңдып жүрүшкөнүн, Кочнерден эскертүү түшүп жатканын бир жыл бою бийликке билдирип келгени менен, эч кандай чара көрүлгөн эмес.

XS
SM
MD
LG