Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:01

Австралияда күн катуу ысып, токойлор өрттөнүп жатат


16-декабрь, 2019-жыл
16-декабрь, 2019-жыл

Австралиянын эң көп калктуу New South Wales штатында чукул кырдаал жарыяланды. Катуу ысык менен шамалдан улам өлкөнүн ири бөлүгүндө токойлор өрттөнүп жатат. 19-декабрда Австралияда абанын орточо температурасы 41,9 градуска жетип, 18-декабрдагы рекорд жаңырды.

Штаттын бийлиги 100 жерде өрткө каршы күрөшүп жатат. Штаттын премьер-министри Глэдис Береджиклян жети күнгө өзгөчө кырдаал режимин киргизди. Ноябрдан бери экинчи жолу ушундай чара көрүлүп жатат. Штатта өлкө калкынын үчтөн бир бөлүгү жашайт. Өрттөн улам акыркы жумаларда Сиднейди кара түтүн каптады.

Өрттөр сезону башталгандан бери алты киши каза тапты, жүздөгөн турак жайлар талкаланды, миллиондогон гектар жер күйүп кетти.


XS
SM
MD
LG