Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:37

Матраимовдордун үч медиага жазган арызы боюнча соттук кароо кийинки жылга калды


Соттук жараян. Матраимовдордун адвокаттары.
Соттук жараян. Матраимовдордун адвокаттары.

Бишкектин Свердлов райондук сотунун судьясы Жылдыз Ибраимова Матраимовдун Бажыдагы коррупциялык схемалары боюнча биргелешкен журналисттик иликтөөдө айтылган маалыматтарды соттук процесс жүрүп жаткан маалда таратууга тыюу салуудан баш тартты.

Кеп болгон иликтөөдө Матраимовдордун Саймаити менен байланышы боюнча, алардын Дубайдагы мүлкү, Ысмаил Матраимов атындагы фондго түшкөн каражаттар боюнча маалыматтар бар. Матраимовдордун адвокаттары берүүдө келтирилген маалыматтарды сот каралып жаткан маалда таратууга тыюу салууну өтүнгөн эле.

Мындан кийин судья тараптарды медиация ыкмасын эске салып, элдешип алууга чакырды. Арыздануучулардын жакточуулары медиалар материалдарын төгүндөөгө берсе гана арызын кайтарып алышарын айтышты, жоопкер тараптын адвокаттары бул ишти медиация ыкмасы менен чечүү мүмкүнчүлүгүн четке каккан жок.

19-декабрдагы баштапкы угууда доочулардын адвокаттарынын өтүнүчү менен видеого тартууга тыюу салынган. Иштин мазмуну боюнча соттук кароо 2020-жылдын 20-январына калды.

Матраимовдордун үй-бүлөсү «Азаттык» радиосун, кабарчы Али Токтакуновду, «Kloop.kg» жана 24.kg сайттарын 9-декабрда сотко берип, жалпы өлчөмү 60 миллион сомдук доо койгон.

Аталган маалымат каражаттары «Матраимовдордун кадыр-баркына доо кетиргени» белгиленип, моралдык чыгым өндүрүү жөнүндө талап коюлган. Анын негизинде Бишкектин Свердлов райондук соту басылмалардын банк эсептерин камакка койгон. Кийинчерээк Матраимовдордун адвокатынын арызынын негизинде эсептер кайра камактан чыгарылган. (ErN\BkA)

XS
SM
MD
LG