Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:18

Саймаитинин өлүмүн иликтеген комиссиянын иш мөөнөтү узартылды


Айеркен Саймаити.
Айеркен Саймаити.

Кытайлык ишкер Айеркен Саймаитинин өлүмүн иликтөө боюнча депутаттык комиссиянын иштөө мөөнөтү дагы эки айга узартылды. Тиешелүү токтом Жогорку Кеңештин 19-декабрдагы жыйынында кабыл алынды.

Аталган комиссиянын төрагасы, депутат Талант Мамытов бул иш боюнча мамлекеттик органдардан маалыматтар келе баштаганын, бирок комиссиянын иши бир айлык мөөнөт менен чектелип калгандыктан депутаттардан аны узартып берүүнү сураган.

Жогорку Кеңеш уйгур улутундагы кытай ишкери Айеркен Саймаитинин өлүмүнө байланыштуу 21-ноябрда убактылуу депутаттык комиссия түзгөн. Ага парламенттеги алты фракциядан 12 депутат мүчө болуп кирген.

Комиссия Саймаитинин киши колдуу болушун, аны Кыргызстан менен байланыштырган жагдайларды, буга чейин Бишкек, Ош аэропортторунда каракталган миллиондогон каражаттардын чоо-жайын жана «Азаттыктын» иликтөөсүндө айтылган Кыргызстандан чыгарылган 700 миллион долларга катышын иликтеп жатат.

Кыргызстандын бажысындагы коррупциялык схема боюнча журналисттерге маалыматтарды жана жүздөгөн документтерди берген Айеркен Саймаити 10-ноябрда Стамбулдагы мейманканалардын биринин кафесинде отурган жеринен атып өлтүрүлгөн. Түркияда аны өлтүрүүгө шектүү катары төрт киши кармалды. (BTo)

XS
SM
MD
LG