Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:04

Роухани мусулман өлкөлөрүн "АКШнын үстөмдүгүнө" каршы турууга үндөдү


Хасан Роухани. Куала-Лумпур, 19-декабрь, 2019-жыл
Хасан Роухани. Куала-Лумпур, 19-декабрь, 2019-жыл

Ирандын президенти Хасан Роухани мусулман мамлекеттерин "АКШнын гегемониясына" каршы турууга чакырды. Бул тууралуу ал 19-декабрда Малайзияда «Ислам конференциясы уюмунун» жыйынынын ачылышында сүйлөп жатып айтты. Ирандын президенти АКШ башка мамлекеттерди коркутуу үчүн экономикалык санкцияларды колдонуп жатат деген Тегерандын көз карашын дагы бир жолу кайталады.

Вашингтон 2015-жылкы эл аралык ядролук келишимден чыккандан кийин Тегеранга каршы санкцияларды калыбына келтирген. Үч күндүк жыйынга ар кайсы мамлекеттерден жүздөгөн делегаттар катышып жатат. Алардын арасында Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган да бар.

Жыйынды ачып жатып Малайзиянын премьер-министри Махатхир Мохамад «мусулман мамлекеттери кризиске кептелгенин» баса белгиледи. Бирок иш-чарага Ирандын регионалдык каршылашы Сауд Арабиясы жана 57 өлкөнүн башын бириктирген уюмдун башка мүчөлөрү катышпай коюшту.

XS
SM
MD
LG