Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:17

Абылгазиев: Бир жылда 19 жылдагыдан көп жол оңдодук


Мухаммедкалый Абылгазиев Ош шаарындагы оңдоп-түздөөдөн өткөн Аскар Шакиров көчөсүнүн ачылышында. 19-декабрь, 2019-жыл.
Мухаммедкалый Абылгазиев Ош шаарындагы оңдоп-түздөөдөн өткөн Аскар Шакиров көчөсүнүн ачылышында. 19-декабрь, 2019-жыл.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ош шаарындагы оңдоп-түздөөдөн өткөн Аскар Шакиров көчөсүнүн ачылыш салтанатына катышып, "жолдор – Кыргызстандын экономиканын күзгүсү" экенин билдирди.

Өкмөттүн аппараты тараткан билдирүүдө айтылгандай, өкмөт башчы 2019-жылы өлкөдө оңдолгон жолдор 20 жылдан берки көрсөткүчтөрдөн көп экенин билдирди.

«Каттам бар жерде, багыт бар. Бул өлкөнүн өнүгүү жолу. Кыргыз Республикасынын президенти жарыялаган Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылында биз өнүгүүнүн негизи катары социалдык чөйрөнү алдык. Социалдык чөйрөнү жакшыртуу менен биз калкка кам көрөбүз. Жолдорду эле алсак. Көз карандысыздыкты алган убакыттан баштап 2010-жылга чейин өлкөдө болгону 661 чакырым жол курулду. Ал эми 2019-жылы 700 чакырымдан ашык каттам салынды. Анын 416 чакырымына асфальт төшөлдү. Ошентип, бир жылдын ичинде оңдолгон жолдор акыркы 19 жылдагыга караганда көп. Бул өлкө өнүгүүнүн туура багытын тандап алганын айтып турат»,-деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы жол инфраструктурасын өнүктүрүү менен катар, башка бир нече милдеттер да аткарылып жатканын айтты.

Узундугу 2,5 км болгон Шакиров (мурдагы Гагарин көчөсү) көчөсүн оңдоо 2019-жылдын июнунда башталган. Долбоордун жалпы сметалык баасы 120 млн сом. Негизги курулуш иштерин «ТАС жана КО» компаниясы аткарды.

Кыргызстанда жол оңдоо иштери коррупциялашкан тармак экени көп сынга кабылып келет. Ири жолдорду оңдоо боюнча тендерлерди өткөрүүдө бир нече аткаминер пара менен кармалганы белгилүү. Быйыл сентябрда ушулу эле Оштогу Аскар Шакиров көчөсүн оңдоого байланыштуу тендерге да күмөн жаралган. (ErN)

XS
SM
MD
LG