Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:07

Эки тараптын сүйлөшүүлөрүнөн кийин кыргыз-тажик чек арасындагы тосмолор алынды


Абдикарим Алимбаев менен Хикматулла Пираков баштаган кыргыз-тажик чек ара кызматтарынын өкүлдөрүнүн жолугушуусу. 19-декабрь, 2019-жыл.
Абдикарим Алимбаев менен Хикматулла Пираков баштаган кыргыз-тажик чек ара кызматтарынын өкүлдөрүнүн жолугушуусу. 19-декабрь, 2019-жыл.

Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын орун басары – Башкы штабынын башчысы Абдикарим Алимбаев менен Тажикстандын Чек ара аскерлеринин кол башчысынын биринчи орун басары - Башкы штабынын башчысы Хикматулла Пираков баштаган эки тараптын 19-декабрдагы сүйлөшүүлөрү жыйынтыкталды. Бул тууралуу Чек ара кызматынын басма сөз кызматы кабарлады.

Жолугушуулар «Кызыл-Бел-автожол» (КР) жана «Гулистон-автожол» (ТР) өткөрмө бекеттеринде өттү. Анда тараптар мамлекеттик чек арада чек арачылардын жүрүм-турумун сактоону, инциденттердин мындан ары күчөшүнө жол бербөөнү жана чырлуу жагдайлардын алдын алууну сүйлөштү.

Мекемеден ырасташкандай, кездешүүлөрдө эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрүнүн аппараттарынын өз ара карым-катышына өзгөчө көңүл бурулду. Тараптар маалымат алмашуу, чек арадагы аялуу тилкелерге көңүл бурууну күчөтүү жана ал тилкелерде эреже бузуулардын алдын алууга басым кылууну макулдашты.

Натыйжада кыргыз-тажик чек арасындагы макулдашылбаган тилкелерге Кыргызстандын жана Тажикстандын жарандары орнотуп алган тосмолор бузулуп, толук алынып салынды.

Мамлекеттик чек ара кызматы 19-декабрь, саат 18:00гө карата кыргыз-тажик чек арасында кырдаал туруктуу экендигин кабарлады.

18-декабрда Баткен районунун Көк-Таш айылында чек арада чыккан жаңжалдан кыргыз тараптан баш-аягы алты адам жараат алды. Анын ичинде Ички иштер министрлигинин (ИИМ) ички аскеринин бир кызматкерине жана Баткендин Самаркандек айылдык кеңешинин депутатына ок тийген. Андан тышкары дагы үч милиция кызматкери жана бир жайкын тургун ар кандай жарааттары менен ооруканага түшкөн.

Эки өлкөнүн жарандары 18-декабрда эртең менен чырдашып, бири- бирине таш ыргыткан. Кийин бийлик өкүлдөрү сүйлөшүү жүргүзүп жаткан учурда саат 11:30да Тажикстан тараптан атылган октон Кыргызстандын ИИМнин бир кызматкери жараат алганын Кыргызстандын Чек ара кызматы кабарлады.

«Азаттыктын» тажик кызматы Тажикстандын бийлигине таянуу менен кыргыз айылындагылар тажик тараптын эки тургунун урганы үчүн чыр чыкканын жазды. Исфара шаарынын администрациясынан атын жашырган булак, Көк-Таштын тургундары кыргыз тарапка байкабай өтүп кеткен окуучуларды урганын айткан. Тажикстандын укук коргоо органдары үч тажик жараны жабыркаганын билдирүүдө.

Кыргызстандын Баткен облусунун жетекчиси Акрам Мадумаров менен Тажикстандын Согди облусунун башчысы Ражаббой Ахмадзода кыргыз-тажик чек арасындагы Көк-Таш айылында кездешти. (ErN)

XS
SM
MD
LG