Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:14

Кыргызстанда 62 мамлекеттик орган «Түндүк» тутумуна кошулду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

«Түндүк» системасына 62 мамлекеттик орган жана 24 коммерциялык түзүм кошулду. Системада 389 сервис бар, 2018-2019-жылдары 17,4 миллион транзакциялар жасалды. Бул тууралуу Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин төрагасы Дастан Догоев 19-декабрда президент Сооронбай Жээнбековдун кабыл алуусунда болгон учурда айтты.

Расмий кабарда, 12 тастыктама (справка) автоматташтырылып, бир жылдын ичинде 1,5 миллиондон ашуун жаран кезекте туруу жана ашыкча кагаз бюрократиясынан кутулганы кабарланат. Мындан сырткары "Карызы жок" деген маалымкатты алуу автоматташтырылып, бизнес өкүлдөрү 18 миллион сом үнөмдөй алышканы айтылат.

«Түндүк» системасы министрликтерди, мекемелерди жана жеке компанияларды бириктирип, маалымат алмашуунун жол-жобосун жеңилдетүүгө багытталган.

Маалымат боюнча бул система аркылуу 189 кызмат көрсөтүүнү санарип форматына өткөрүү пландалган.

Коомчулукта санариптештирүүнүн жүрүшүнө карата сын-пикирлер аз эмес. Өзгөчө мамлекеттик органдардагы тейлөөлөр автоматташтырылбагандан улам кезектер узун экендигине нааразылыктар көп. (BTo)

XS
SM
MD
LG