Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:02

Жалал-Абад: ЖАМК кызматкерлери үйлүү болду


Мухаммедкалый Абылгазиев жаңы батирлердин ачкычын тапшыруу аземинде. 19-декабрь 2019-жыл.
Мухаммедкалый Абылгазиев жаңы батирлердин ачкычын тапшыруу аземинде. 19-декабрь 2019-жыл.

Жалал-Абад шаарында курулушу эки жыл мурда аяктаган көп кабаттуу эки үй 19-декабрда пайдаланууга берилди. Шаардагы аэропорттун жанына Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) кызматкерлери үчүн салынган 70 батирлүү турак жайдын ачкычтарын өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев тапшырды. Өкмөт башчы соттук реформанын алкагында орган кызматкерлеринин социалдык абалын жакшыртуу үчүн бир топ аракеттер жасалып жатканын белгиледи.

- Бишкекте беш үй курулуп, анын экөө пайдаланууга берилди. Сокулукта да кызматкерлер үчүн үй курулуп жатат. Өкмөт кызматкерлердин абалын жакшыртуу үчүн колдон келген аракетин жумшап жатат. Бул - мамлекеттин саясаты. Жаза аткаруу кызматынын кызматкерлерине "мамлекет силердин эмгегиңерди баалайт" деп айткым келет, - деди Абылгазиев.

Жалал-Абад шаарынын Курманбек көчөсү, №27 дарегиндеги беш кабаттуу эки үй 2017-жылдан бери "авиация эрежелерине каршы келет" деген негизде токтотулуп турган. Бул үй ЖАМКтын Жалал-Абаддагы №10 колониясынын кызматкерлерине салынган.

Бир жана эки бөлмөлүү 70 батирдүү турак жайдын курулушуна бюджеттен 96 млн. сом бөлүнгөн. (RsK)

XS
SM
MD
LG