Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:51

Европарламент Ирандын коопсуздук күчтөрү ашыкча күч колдонду деп айыптады


Ирандагы нааразылык акциясы. Ноябрь 2019-жыл
Ирандагы нааразылык акциясы. Ноябрь 2019-жыл

Европа парламентинин депутаттары Ирандын коопсуздук күчтөрүнүн тынч митингчилерге каршы “кеңири жана ашыкча“ күч колдонушканын айыптаган резолюция кабыл алышты. Аткарылышы милдеттүү эмес документте фундаменталдуу эркиндиктеринен пайдаланып демонстрацияга чыгып кармалган митингчилерди, укук коргоочуларды жана журналисттерди шартсыз бошотуу талабы коюлган.

Тегеран өткөн айдагы нааразылык акцияларын күч менен баскан деген эл аралык коомчулуктун катуу сынына туш болуп келатат.

Европарламент Иран бийлигин ашыкча күч колдонуу фактыларды калыс жана ачык иликтөөгө, күнөөлүүлөрдү жоопко тартууга жана курман болгондордун так санын жарыялоого чакырды.

Ноябрдын орто ченинде Тегеран өкмөтү күйүүчү майдын баасын көтөрүп, бензинге чектөө киргизип жатканын жарыялагандан кийин эл козголгон. Иран бийлиги тоз-тополоңдо беш киши каза тапканын, 180дей адам кармалганын маалымдаган жана каршылык акцияларына байланыштуу АКШ, Израил, Сауд Арабиясы сыяктуу чет өлкөлөрдү айыптаган.

Эл аралык Мунапыс уюму бир нече күндүк толкундоолордо кеминде 304 киши өлгөнүн, куугунтуктоолор азыр да уланып жатканын билдирди. Ислам жумуриятынын жетекчилиги уюмдун маалыматтарын “калп” деп атады.

XS
SM
MD
LG