Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:09

ФСБ бир кызматкери ок жеп каза болгонун бышыктады


Лубянкага жакын жер. Москва, 19-декабрь 2019-жыл
Лубянкага жакын жер. Москва, 19-декабрь 2019-жыл

Орусиянын Федералдык Коопсуздук кызматы (ФСБ) белгисиз адам Москвадагы баш кеңсесинин жанында ок атканда мекеменин бир кызматкери набыт болгонун билдирди. Буга чейин ок чыгарган адам “зыянсыздандырылганы” расмий маалымдалган. Бул тууралуу орус маалымат агенттиктери жазышты.

ФСБ кылмышкердин тек-жайы аныкталганын маалымдады. Бирок анын өлтүрүлгөнү же кармалганы белгисиз.

Билдирүүдөн кийин да октун добушу угулуп жатканы кабарланды. Саламаттыкты сактоо министрлиги ФСБнын эки кызматкери “өтө оор жараат” алганын билдирди.

Буга чейин мекеме өкүлү үч киши кол салган деген маалыматты четке каккан. Окуя 20-декабрда белгиленген Орусиянын Коопсуздук кызматынын күнү алдында болду. RT телеканалы орус чалгындоо кызматы окуяны “террордук аракет” деп сыпаттаганын социалдык тармактарда маалымдады.

Президент Владимир Путин инцидент тууралуу кабардар болгонун Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирди. ФСБ - советтик КГБнын мураскери.

XS
SM
MD
LG