Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:35

“Үмүт 2020” кыймылынын лидери Ширин Айтматованын күйөөсүнүн Алматыда дайыны табылбай жатат


Ширин Айтматова.
Ширин Айтматова.

“Үмүт 2020” кыймылынын негиздөөчүсү Ширин Айтматованын жолдошу Сыргак Кенжебаевди 19-декабрда Казакстандын Алматы шаарынын аэропортунан кармап кетишти.

Ширин Айтматованын “Азаттык” радиосуна билдиргенине караганда, ал азыр жолдошунун кайда экенин билбейт. Ал жолдошунун кармалышын өзүнүн саясий ишмердигине байланыштырууда. ​

- Ал мени Алматыда тосуп алышы керек эле. Биз балдар менен Бишкектен учуп келгенбиз. Телефонумду жандырсам эле “Мени кармап кетишти” деп жазыптыр. Мен чалсам телефону өчүк экен. "Эйр Астана" менен сүйлөштүм. Алар "Ооба, ал каттоодон өткөн" дешти. Анан мен ичкери кирип издей баштадым. Ал ушул жактан, а биз Бишкектен келип, чогуу учуп кетмекпиз. Бул жердеги бардык милиция, чек ара бекеттерине бардым. Алар "Эч кандай кармоо болгон жок, эч нерсе билбейбиз" деп жатышат. Алардын баары мени менен сүйлөшүүдөн баш тартышты, - деди Ширин Айтматова.

Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун кызы, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Ширин Айтматова «Үмүт 2020» саясий кыймылын быйыл негиздеген. Ал акыркы кезде коомдук-саясий окуялар тууралуу курч билдирүүлөрдү жасап, бийликтин коррупцияга каршы күрөшү чабал жүрүп жатат деп сындап келе жатат. Ал Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго жана анын айланасындагы соңку жагдайларга байланыштуу сын айтып келе жатканы да белгилүү.

Айтматова 2020-жылы өтө турган парламенттик шайлоодо Жогорку Кеңешти жаңыртып-жаңылоого үндөп келе жатат.

Райымбек Матраимов 6-декабрда «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги чогуу жүргүзгөн​ журналисттик иликтөөдөгү маалыматтар боюнча сурак берип чыккан соң айрым журналисттердин суроолоруна жооп берген. Анда соңку журналисттик иликтөөдөгү Айеркен Саймаитини тааныбай турганын жана аны менен эч кандай мамиле курбаганын билдирген. Ошондой эле иликтөөдө сөз болгон 700 миллион долларга эч кандай тиешеси жоктугун, анда айтылган маалыматтарды «жалган жалаа» деп эсептерин, журналисттерди, андан тышкары активист Ширин Айтматованы сотко бере турганын айткан.

Өткөн жумада Матраимовдордун үй-бүлөсү «Азаттык» радиосун, кабарчы Али Токтакуновду, «Kloop.kg» жана «24.kg» сайттарын сотко берип, жалпы өлчөмү 60 миллион сомдук доо койгону белгилүү болгон.

XS
SM
MD
LG