Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:24

Айтматова жолдошу табылбай жатканына байланыштуу казак президентине кайрылды


Ширин Айтматова.
Ширин Айтматова.

“Үмүт 2020” кыймылынын негиздөөчүсү, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Ширин Айтматова 19-декабрда Алматы шаарынын аэропортунда жолдошу дайынсыз болуп жатканына байланыштуу Казакстандын президенти Касым Жоомарт Токаевге кайрылды. Ал бул тууралуу “Твиттер” баракчасына жазды.

“Мен - кыргызстандык активист Ширин Айтматова. Сиз жакында гана менин атамдын Бишкектеги музейине келип кеттиңиз. Бүгүн менин жолдошум Алматынын аба бекетинде дайынсыз жоголду жана мага эч ким жооп бербей жатат. Милиция дагы, Чек ара кызматы дагы. Жардам бериңиз!” деп жазды активист.

Айтматованын “Азаттык” радиосуна билдиргенине караганда, жолдошу Сыргак Кенжебаевди 19-декабрда Казакстандын Алматы шаарынын аэропортунан кармап кетишкен. Ал азыр жолдошунун кайда экенин билбей турганын, муну өзүнүн саясий ишмердигине байланыштырып жатканын билдирди.

- Ал мени Алматыда тосуп алышы керек эле. Биз балдар менен Бишкектен учуп келгенбиз. Телефонумду жандырсам эле “Мени кармап кетишти” деп жазыптыр. Мен чалсам телефону өчүк экен. "Эйр Астана" менен сүйлөштүм. Алар "Ооба, ал каттоодон өткөн" дешти. Анан мен ичкери кирип издей баштадым. Ал ушул жактан, а биз Бишкектен келип, чогуу учуп кетмекпиз. Бул жердеги бардык милиция, чек ара бекеттерине бардым. Алар "Эч кандай кармоо болгон жок, эч нерсе билбейбиз" деп жатышат. Алардын баары мени менен сүйлөшүүдөн баш тартышты, - деди Ширин Айтматова.

Кыргызстандын укук коргоо органдары Ширин Айтматованын жолдошу Алматыда дайынсыз болуп жатканы тууралуу билдирүүсүнө байланыштуу маалымат берише элек.

Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун кызы, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Ширин Айтматова «Үмүт 2020» саясий кыймылын быйыл негиздеген. Ал акыркы кезде коомдук-саясий окуялар тууралуу курч билдирүүлөрдү жасап, бийликтин коррупцияга каршы күрөшү чабал жүрүп жатат деп сындап келе жатат. Ал Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго жана анын айланасындагы соңку жагдайларга байланыштуу сын айтып келе жатканы да белгилүү.

Райымбек Матраимов 6-декабрда «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги чогуу жүргүзгөн​ журналисттик иликтөөдөгү маалыматтар боюнча сурак берип чыккан соң айрым журналисттердин суроолоруна жооп берген. Анда соңку журналисттик иликтөөдөгү Айеркен Саймаитини тааныбай турганын жана аны менен эч кандай мамиле курбаганын билдирген. Ошондой эле иликтөөдө сөз болгон 700 миллион долларга эч кандай тиешеси жоктугун, анда айтылган маалыматтарды «жалган жалаа» деп эсептерин, журналисттерди, андан тышкары активист Ширин Айтматованы сотко бере турганын айткан.

Өткөн жумада Матраимовдордун үй-бүлөсү «Азаттык» радиосун, кабарчы Али Токтакуновду, «Kloop.kg» жана «24.kg» сайттарын сотко берип, жалпы өлчөмү 60 миллион сомдук доо койгону белгилүү болгон.

XS
SM
MD
LG