Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
ишемби, 25-январь, 2020 Бишкек убактысы 06:14

Сооронбай Жээнбеков Санкт-Петербург шаарына учуп кетти


Сооронбай Жээнбеков.

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20-декабрда Жогорку Евразиялык Экономикалык Кеңештин (ЖЕЭК) кезектеги жыйынына катышуу үчүн Орусиянын Санкт-Петербург шаарына учуп кетти.

Президенттин басма сөз кызматы кабарлагандай, ошондой эле Көз каранды эмес Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ) өлкө башчыларынын бейформал жолугушуусу өтөт.

Кыргызстандын делегациясынын курамында тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков, президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков, Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов, вице-премьер-министр Жеңиш Разаков жана экономика министри Санжар Муканбетов бар. (BTo)

Пикирлерди көрүңүз (19)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG