Ысык-Атада өрт кырсыгынан бир адам жабыркады. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, окуя 19-августта Интернационал айылында болгон.
Жалпы аянты 48 чарчы метрлик турак үй толугу бойдон күйүп кетти.
Бир адам 3-даражадагы күйүк менен ооруканага жеткирилген. Анын абалын доктурлар туруктуу деп мүнөздөп жатышат.
Кырсыкка эмне себеп болгону азырынча белгисиз.
Соңку бир сутка ичинде Кыргызстандын аймагында 10 өрт кырсыгы катталды. (RK)