Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:26

Мектеп курууга Депозиттик эсептен 799 млн сом бөлүндү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда Бирдиктүү депозиттик эсептен 15 мектеп курууга 799 млн сом бөлүндү. Бул тууралуу бүгүн “Кабар” маалымат агенттигинде өткөн пресс-конференцияда облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Эркин Абдыразаков билдирди.

Анын айтымында, бул акчага Бишкекте жети, Чүйдө жети, Ош облусунда бир мектеп курулат.

Депозиттик эсеп 2018-жылы президент Сооронбай Жээнбековдун буйругу менен түзүлгөн. Башкы прокуратурага, Финполицияга, УКМКга, ИИМге жемкорлордон кайтарылган каражатты ушул эсепке которуу милдети жүктөлгөн.

2018-жылкы расмий маалыматка караганда, Кыргызстанда 202 мектептин имараты жараксыз деп табылган. Тартыштыкты чечүү үчүн өлкө аймагына 600гө жакын мектеп салынышы керек. Айрым кыштактарда турак жайлар, чатырлар мектеп катары колдонулуп келет. (RK)

XS
SM
MD
LG