Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
жума, 24-январь, 2020 Бишкек убактысы 05:47

Айтматованын күйөөсү тууралуу басма сөз жыйыны аягына чыкпай калды (видео)


Аскар кызы Жанара жана Мотайлифу Маймайтяминг.

«Үмүт 2020» кыймылынын негиздөөчүсү Ширин Айтматованын күйөөсү Сыргак Кенжебаевден жабыркадым деген кытай жараны жана анын жактоочусу уюштурган басма сөз жыйыны аягына чыкпай калды.

Адвокат Аскар кызы Жанара Сыргак Кенжебаев Ширин Айтматованын күйөөсү экенин журналисттерден угуп, Айтматова менен жеке тааныштыгы бардыгын айтып, жыйын аягына чыга электе кетип калды.

20-декабрда Бишкекте өткөн жыйында Кытайдын жараны экенин айтып, өзүн Мотайлифу Маймайтяминг деп тааныштырган адам ушул жылдын март айында Кыргызстанга келип, досу аркылуу Сыргак Кенжебаев менен таанышканын билдирди.

«Акылдуу шаар» долбоору боюнча Кенжебаев менен бизнес өнөктөш болуп, андан түшкөн каражаттын 85% өзү, ал эми 15% Кенжебаев алууга макулдашканын билдирди.

- Ноябрда тендер бүттү. Биз тендерди бүтүрүп берсек, Кытайдын «Shenzhen Sunwin Intelligent Co. Ltd» компаниясы бизге акы катары 600 миң доллар берет деген келишимибиз бар болчу. Сыргак Кенжебаев алдамчылык кыла баштады. 350 миң доллар алып, паспортумду декабрь айында берди. Мага акчамды бербей жатат, - деди Маймайтяминг.

Мотайлифу Маймайтямингдин адвокаты Аскар кызы Жанара кытай жараны декабрдын башында анын паспортун жана акчасын Сыргак Кенжебаев бербей жатканын айтып кайрылганын билдирди. Буга байланыштуу алар УКМКга арыз жазышканын кошумчалады.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Сыргак Кенжебаев аттуу жаран «ири өлчөмдөгү алдамчылык үчүн» кармалганын расмий билдирди. Мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, Кенжебаев 20-декабрда УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалды. Атайын кызмат билдиргендей, кытай жараны Сыргак Кенжебаевге 350 миң доллар акчасын алдатып койгонун айтып, арыз жазган. (BTo)

Пикирлерди көрүңүз (12)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG