Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
дүйшөмбү, 20-январь, 2020 Бишкек убактысы 10:14

Бабанов: Саясий ишимди аяктадым, жаңы лидерибиз Жээнчороев болсун


Өмүрбек Бабанов. Архивдик сүрөт.

Бүгүн Бишкекте “Республика” партиясынын кезексиз съезди өтүп жатат. Күн тартибинде партиянын саясий кеңешинин мүчөлөрүн жана лидерди алмаштыруу, Уставга өзгөртүүлөрдү киргизүү жана ревизиялык комиссияны жаңылоо маселелери кирди.

Саясий кеңештин мүчөлөрүнүн саны 28ден 17ге кыскартылып, жаңы курам шайланды.

Партия лидери Өмүрбек Бабанов өз сөзүндө саясий ишмердигин жыйынтыктап жатканын айтып, байракты жаңы муунга өткөрүп берүүгө, жүрөккө жаккан башка тармактарда иштөөгө убакыт жеткенин белгиледи.

Бабанов ошондой эле жаңы лидер катары Мирлан Жээнчороевди көрөрүн кошумчалады. Аны сөзүнө бекем турган адам катары билерин, өлкөнүн да, партиянын да келечегине салым кошорун, партиянын реформа жолун улантарын айтты.

Натыйжада Жээнчоров партиянын жаңы жетекчиси болуп шайланды.

Саясатчы Өмүрбек Бабанов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте (УКМК) жана Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматта (Финансы полициясы) азыркы тапта өзүнө байланыштуу баш-аягы сегиз иш иликтенип жатканын айткан. Буга чейин ал өзүнө козголгон иштер боюнча УКМК менен Финполицияга бир нече жолу сурак берип чыккан.

Жээнчороев парламенттеги "Республика Ата-Журт" фракциясынын депутаты. (NT/RK)

Пикирлерди көрүңүз (23)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG