Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:42

АКШ киберкылмыш боюнча Орусиянын БУУдагы сунушуна кабатыр


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы Ассамблеясы 25-декабрга чейин Интернет аркылуу жасалган кылмыштарга, тактап айтканда киберкылмышка каршы күрөш боюнча Орусия сунуштаган резолюцияны караганы жатат.

Бул тууралуу АКШнын Мамлекеттик департаментинин өкүлү 19-декабрда брифингде билдирди. Ал Вашингтон бул документти кабыл алуу зарыл эмес деп эсептей турганын, Москва муну менен Интернет мейкиндигин көзөмөлдөгүсү келет деген кооптонуусу бар экенин айтты.

Мамдепартаменттин өкүлү Кошмо Штаттары бул резолюция кабыл алынбашы үчүн аракет көрөрүн кошумчалады.

Кремл Вашингтондун мындай чочулоосуна байланыштуу үн ката элек.

18-ноябрда БУУнун Башкы Ассамблеясынын Үчүнчү комитетинде "Маалыматтык жана коммуникациялык технологияны кылмыштуу максатта колдонуунун алдын алуу" деп аталган киберкылмыш боюнча Орусия сунуштаган резолюция кабыл алынган.

Анда бул документти дүйнөнүн 88 өлкөсү колдоп, 58и каршы добуш берген. Калган 34 мамлекет буга байланыштуу пикирин билдиргенден карманган.

XS
SM
MD
LG