Пакистандын юстиция министри Фаруг Насим экс-президент Первез Мушараффты өлүм жазасына кескен судьяны кызматтан алуу боюнча өкмөттүн атынан Жогорку сотко кайрылат.
Насим 19-декабрда "Өкмөт судья Вакар Ахмэд Сэтханын Первез Мушаррафка чыгарган талаштуу өкүмүнө байланыштуу ага каршы мыйзамдуу чараларды көрүү чечимин кабыл алды" деп билдирди.
Министр соттун чечиминдеги 66-пунктту белгиледи жана аны кызмат ордуна шайкеш келбейт деп айыптады. "Ал пунктта "күч түзүмдөрү Мушараффты кармоого жана мыйзамга ылайык жазалоого болгон аракетин жумшашы керек, эгер анын сөөгү табылса денесин үч күн Исламабадда асып коюу керек" деп жазылган. Судьянын мындай чечими мага түшүнүксүз, ал кызматтан чукул арада алынышы керек", - деди министр.
Мунун алдында Пакистан бийлиги Первез Мушаррафтын өлүм жазасына каршы чыккан. Баш прокурор Анвар Мансур Хан өкмөт “кайсы бир адамды эмес, мыйзамды коргойт” деп билдирген.
Премьер-министр Имран Хан "Техрик-и Инсаф" партиясынын чукул жыйынын өткөрүп, Мушаррафтын өкүмүн талкуулоого чакырган.
Мурдагы президент Первез Мушарраф чыккынчылык үчүн айыпталып, сот аны 17-декабрда өлүм жазасына өкүм кылган. Өлкөнүн мурдагы аскердик жетекчиси 2007-жылы Конституцияны убактылуу токтотуу менен мыйзам бузган деп табылган.
Пакистанды 1999-жылдан 2008-жылга чейин башкарган Мушарраф ушул тушта Дубайда жашайт. Мындан 20 жыл мурда генерал ошол кездеги премьер-министр Наваз Шарифти бийликтен кулаткан. Кутум кан төгүүсүз ишке ашырылган.
2007-жылдын ноябрында Баш мыйзамды токтотуп, өзгөчө башкаруу киргизген. Импичмент коркунучуна кабылганда, 2008-жылдын жайында Конституцияны калыбына келтирген.