Чукул билдирүү:
21-22-23-декабрларда Кыргызстандын аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт. Көпчүлүк аймактарда кар жаайт.
Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаайт. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү пайда болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы кээ бир райондордо секундасына 17-22 метрге жетет.
Мындай туруксуз аба ырайы энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана кыштоодо малды кармоону кыйындатат. Катуу жаан-чачын жааган убакта автожолдордо көрүү аралыгы төмөндөп, автоунаалардын кыймылдоосун кыйындатат.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 0…-5, күндүз 0…5;
Таласта түнкүсүн -1…-6, күндүз -3…+2;
Ошто, Жалал-Абадда жана Баткенде түнкүсүн -3…+2, күндүз 2…7;
Ысык-Көлдө түнкүсүн -3…-8, күндүз -3…+2;
Нарында түнкүсүн -13…-18, күндүз -6…-11;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -15…-20, күндүз -7…-12 градус суук болот.
Бишкек шаарында жаан, кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 15-20 метрге жетет. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 0…-2°, күндүзгү жогорку температурасы 2…4 градус болот.