Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:59

Сириядагы лагерлерден Босниянын 25 жараны мекенине кайтты


Сириядан кайтып келгендерди тосуп алып жаткан учур.
Сириядан кайтып келгендерди тосуп алып жаткан учур.

Босния-Герцеговина бийлигинин билдиргенине караганда, мекенине кайтып келген 25 адамдын алтоо "Ислам мамлекети" террордук тобунун жоочулары деп шек саналгандардын жубайы болсо, 12си алардын балдары.

Кайтып келген жети эркек укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди. Прокуратура алар террордук топко кошулганы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартыларын бышыктады.

Сириядан кайткан аялдар менен балдар Сараевонун жанындагы "Делияс" лагерине 15 күнгө жайгаштырылды, андан кийин үйлөрүнө жөнөтүлмөкчү.

Расмий маалыматтарга карганда 2012-2016-жылдар аралыгында Сирия менен Ирактын согуш болуп жаткан аймактарына Босниядан 300дөй адам кеткен жана алардын арасында аялдар менен балдар бар.

Босния 2014-жылы чет өлкөлөрдө согуштук аракеттерге катышкан жарандарын кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскерткен. Ушул күнгө карата "Ислам мамлекети" террордук тобунун жоочусу деп шек саналган 20 адам соттолду.

XS
SM
MD
LG