Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
дүйшөмбү, 20-январь, 2020 Бишкек убактысы 13:34

Укук коргоочу Ошурахуновага болгон коркутуу иликтенип жатат


Динара Ошурахунова.

Укук коргоочу Динара Ошурахуновага болгон коркутуу фактысы Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Бишкектин Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгы иликтөө ишин жүргүзүп жатат. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын жетекчиси Улан Жумаков билдирди.

- Динара Ошурахунова Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгына арыз жазды. Материал Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып сотко чейинки өндүрүш башталды, - деди Жумаков.

Ошурахунова 18-декабрда белгисиз адам телефон чалып, коркутканын билдирген. «Прецедент» укуктук тобунун жетекчиси, адвокат Нурбек Токтакунов ушул эле күнү Бишкекте өткөн «REакция 2.0» деген тынчтык митингинин алдында ага да белгисиз адам чалып, «акцияга барба» деп эскертүү бергенин айткан.

Улан Жумаков Токтакунов азырынча арыз жаза электигин кабарлады.

18-декабрда «REакция 2.0» акциясы өтүп, анын катышуучулары бийликти сөз эркиндигин коргоого коррупция менен күрөшүүгө чакырган. (BTo)

Пикирлерди көрүңүз (3)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG