Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Январь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:01

Ооганстандын түндүгүндө жер силкинди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

АКШнын геологиялык кызматы жер титирөөнүн күчү 6,1 баллга жеткенин кабарлады. Табыгый кырсык эл аз жашаган, Бадахшан провинциясынын түштүк-батышындагы Журма аймагында, 200 чакырым тереңдикте орун алды.

Зилзаланын күчү Пакистанда, Индияда да сезилди жана ондогон адам турак-жайын таштап көчөгө качып чыгышты. Азырынча жер титирөөнүн кесепети тууралуу айтыла элек.

Аталган аймакта маал-маалы менен жер силкинип турат.  2015-жылы октябрдагы зилзалада Ооганстан, Пакистан жана Индияда 400дөн ашык адам ажал таап, миңдеген адам турак-жайсыз калган. 

 

XS
SM
MD
LG