Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:30

Дональд Трамп коргонуу бюджетин көбөйттү


Дональд Трамп
Дональд Трамп

АКШ президенти 20-декабрда 2020-жылы коргонуу бюджетин көбөйтүүнү көздөгөн мыйзамга кол койду. Андагы шарттар орусиялык Nord Stream 2 долбооруна санкция киргизип, ишин токтотууну жана банк эсептерин жабууну талап кыла алат.

11 миллиард долларлык Nord Stream 2 долбоору аягына чыгарына бир нече жума калган. Аны ишке ашырып жаткан швейцариялык Allseas Group компаниясы чечим чыкканга чейин ишин токтотконун маалымдады.

Nord Stream 2 долбоору Балтика деңизинин түбү аркылуу газ куурун жаткырып, Орусиянын түндүгүндөгү Выборг шаарынан жаратылыш газын Германиянын Грейфсуальд шаарына жеткирүүнү көздөйт. "Газпром" ишканасы долбоор 2019-жылы аягына чыгарын бир нече жолу билдирген.

Долбоорго АКШ, Украина жана Европанын бир катар өлкөлөрү каршы чыккан. Алар Орусиянын бул долбоору Европанын энергетикалык көз карандысыздыгына коркунуч туудурат деп белгилеп келишет.

Орус тарап долбоору коммерциялык максатты гана көздөрүн билдирүүдө.

XS
SM
MD
LG