Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:49

Аялдардын киришине тыюу салган чайхана Ош облусунун аймагында аныкталган жок


Чайханалардын бириндеги самса.
Чайханалардын бириндеги самса.

Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Нуркыз Кадырбекова "Азаттыкка" билдирди:

- Чайханага илинген деген сүрөт социалдык тармактарга жарыяланары менен биз Ош облустук ички иштер башкармалыгына тапшырма берип, аялдардын киргизбеген чайхананы аныктоону тапшырдык. Иликтөөнүн натыйжасында облус аймагында андай чайхана аныкталган жок. Аймактагы бардык коомдук тамактануу жайларынын ээлерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Кыргызстан светтик өлкө болгондуктан андай тыюуга жол берилбей турганы эскертилди, - деди Нуркыз Кадырбекова.


20-декабрь күнү айрым социалдык тармактарда аялдар киргенге болбой турганы жазылган көрнөктүн сүрөтү тарап, ал Ош шаарындагы чайханалардын бирине таандык экени кабарланган. Бул жарандык коомдун нааразылыгын туудурган.

Кийинчерээк Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы мындай чайхана шаар аймагында аныкталбаганын маалымдады.

Укук коргоочулардын маалыматына караганда, өлкө аймагында диний мекемелерден тышкары жоолуксуз аялдардын киришине тыюу салган коомдук жайлар бар.(ZKo)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG