Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:51

Европарламент Кытайды "саясий тарбиялоочу лагерлерин" жабууга чакырды


Кытайдагы «саясий тарбия берүүчү лагерлердин» бири.
Кытайдагы «саясий тарбия берүүчү лагерлердин» бири.

Европарламент Кытай бийлигин Шинжаңдагы "кайра тарбиялоочу саясий лагерлерин" токтоосуз жабууга чакырган резолюцияны 19-декабрда кабыл алды.

Резолюцияда расмий Бээжинден "адамдарды себепсиз, соттук териштирүүсүз кармап, камоону" токтотуу, камактагыларды жана Сахаров атындагы эл аралык сыйлыктын лауреаты, уйгур окумуштуусу Илхам Тохтини бошотуу талап кылынган.

Европарламенттин депутаттары Кытайдын түндүк-батышындагы мусулман азчылыктары себепсиз камалып, кыйноого кабылып жатканы тууралуу маалыматтарды чын деп эсептерин маалымдап, Кытай бийлигин көз карандысыз журналисттердин жана эл аралык байкоочулардын Шинжаңга эркин кирүүсүн камсыздап берүүгө чакырышты.


Европарламент мүчөлөрү Европа кеңешин Кытайга карата даректүү санкцияларды киргизүүгө, Шинжаңдагы репрессияга тиешеси бар бийлик башындагылардын банк эсептерин жабууга үндөштү.

Декабрдын башында АКШнын Өкүлдөр палатасы Кытайдын Шинжаң аймагындагы адам укуктарынын бузулушуна жана ислам динин тутунган аз улуттарга карата репрессиясына байланыштуу мыйзам долбоорун кабыл алган.

Анда бул иштерге жооптуу Кытайдын жогорку кызмат адамдарына санкция салуу жана башка чаралар каралган.

Кытайдын Шинжаң аймагында миллиондой киши атайын лагерлерге жайгаштырылып, укуктары одоно бузулуп жатканы соңку жылдары байма-бай кабарланып келет.

Диний ишенимин жана социалдык жашоо образын күчтөп өзгөрткөн Шинжаңдагы «саясий тарбия берүүчү лагерлерде» ислам динин тутунган аз улуттардын миллиондой өкүлү, атап айтканда уйгурлар, казактар жана кыргыздар бар экенги тууралуу маалыматтар 2015-жылдан бери айтыла баштаган.

Бээжин анын дарегине айтылган дооматтарды четке кагып, лагерлерди «тил жана кесип үйрөтүүчү борборлор» деп атап келет.

XS
SM
MD
LG