Орусиянын маалымат агенттиктеринин жазып чыккан маалыматка ылайык, Москва менен Киев Орусиянын газын Европа жана Украина аркылуу алып өтүү жөнүндө алдын ала макулдашты. Буга чейинки макулдашуунун мөөнөтү 2019-жылдын 31-декабрында аягына чыгат.
РИА маалымат агенттиги кабарлагандай, Орусиянын вице-премьер-министри Дмитрий Козак жана энергетика министри Александр Новак макулдашуу беш жылдык мөөнөткө түзүлгөнүн, ага декабрдын аягына чейин кол коюларын маалымдашкан.
Украин президентинин администрациясы "Фейсбуктагы" баракчасына макулдашуу боюнча кеңири маалымат 21-декабрда берилерин жазды.
Орусиялык "Газпром" Евробиримдиктин газ рыногунун 36% ашуунун ээлейт.