Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:12

Бишкектин 2020-жылкы бюджети 10,98 млрд. сом


Бишкек мэриясы.
Бишкек мэриясы.

2020-жылга карата борбор калаанын жергиликтүү бюджетинин жалпы чыгаша бөлүгү 10 млрд. 89 млн. 148 миң сом. Мунун ичинен мамлекеттик мекемелерди каржылоого 822, 837 млн. сом каралган.

Ага Бишкек шаар кеңешин, мэрияны, төрт райондук администрацияны, 22 аймактык башкармалыктарды жана башка мекемелерди каржылоо кирет. Мындан тышкары бул суммадан шаар мэриясынын чет мамлекеттерден алган карыздарын төлөө да каралган.

Бюджеттин чыгаша бөлүгү үстүбүздөгү жылга караганда 190 млн. сомго көп, бул 2020-жылы мэрия кызматкерлеринин айлык акыларын көбөйтүүгө байланыштуу.

Бул тууралуу 21-декабрда Бишкектин биринчи вице-мэри Алмаз Бакетаев 2020-жылга карата шаар бюджети тууралуу өткөн коомдук угууда маалымат берип жатып билдирди.

Коомдук угуу "Манас" университетинде өтүп, ага Бишкек шаар кеңешинин төрагасы Жаныбек Абиров жетекчилик кылды. Иш-чарага жарандык активисттер, журналисттер жана шаар тургундары катышты.

Бишкек шаарынын жергиликтүү бюджети 2019-жылга 8 миллиард сомдун айланасында бекитилген. (ZKo)

XS
SM
MD
LG