Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:05

Лубянкада жасалган чабуулда жабыркаган ФСБнын кызматкери каза болду


Москвадагы ФСБнын баш кеңсесине шектүү автоматтан ок аткан.
Москвадагы ФСБнын баш кеңсесине шектүү автоматтан ок аткан.

Бул маалыматты ТАСС агенттигине федералдык тергөө комитетинин өкүлү Светлана Петренко маалымдаган. Анын сөзү боюнча, "бир кызматкер ошол жерден жан берген, экинчиси оор абалда ооруканага жеткирилип, кийинчерээк каза тапкан".

19-декабрдын кечинде президент Владимир Путин Кремлде Орусиянын коопсуздук кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап жаткан кезде бир чакырымга жетпеген аралыкта аталган коопсуздук мекемесинин баш кеңсесине чабуул жасалган.

Жол кайгуул кызматынын бир офицерине ок тийип, ошол жерде мерт болгон. Саламаттык сактоо министрлиги дагы беш киши жараат алганын, ФСБнын эки кызматкеринин абалы оор экенин, алардын бири башынан катуу жарадар болгонун кабарлаган.

Шектүүнүн апасы Евгения Манюрова журналисттерге уулу акыркы жылдары жеке күзөт мекемелеринде иштегенин, бир нече ай мурда ишинен бошоп калганын айтып берген. Мурда армияда кызмат өтөгөн эмес. Бала чагында бокс, эркин күрөш менен алектенип, кийин үч-төрт жыл бою мылтык атууга кызыгып жүргөн. Апасынын айтымында, уулу үйлөнгөн эмес, жакын достору да жок болчу.

Евгения "База" басылмасына уулу телефондон "арабдар менен англисче" сүйлөшүп жүргөнүн, "кагэбэшниктерди жек көрөрүн" да айтып берген.

Атасынын "112" телеграм-каналына берген маалыматына караганда, шектүү Москвадагы Араб эмираттарынын элчилигинде күзөттө иштеген.

XS
SM
MD
LG