Бишкектеги Арча-Бешик жаңы конушундагы борбордук көчөлөрдүн бирине жакын жерден 50-60 жаштардагы адамдын сөөгү табылган. Күбөлөрдүн "Азаттык" радиосуна билдиргени боюнча, окуя 21-декабрда болжол менен саат 15:30 чамасында болгон.
Күбөнүн сөзүнө караганда маркумдун жүрөк тушунда жана кекиртегинде бычактын изинен калган жарааттары бар. Окуя болгон жерге милиция жана "Тез жардам" кызматы келген. Бишкек шаардык милициясы бул ишке тиешеси бар шектүүнү жана маркумдун тек-жайын аныктоо иштери жүрүп жатканын маалымдады. (ZKo)