22-23-декабрда Кыргызстандын аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт. Көпчүлүк аймактарда кар жаайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жана Ысык-Көл облусунун чыгышында кар калың түшөт.
Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы кээ бир райондордо секундасына 17-22 метрге жетиши күтүлөт.
24-26-декабрда абанын температурасы кескин төмөндөп: Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн -15…-20, Нарын облустунда 20-25 градус суук болот.
Мындай туруксуз аба ырайы энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайлоолордо малды кармоону кыйындатат. Катуу жаан-чачын жааган убакта жолдо автоунаалардын кыймылы кыйындатат.
Тоолуу райондордо, Бишкек-Ош автоунаа жолунун Төө-Ашуу, Ала-Бел ашууларында, Чычкан капчыгайында, Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу автоунаа жолунда кар көчкү түшүү коркунучу бар, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Автоунаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
22-декабрда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаап, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда жана тоо этектеринде жана Ысык-Көл облусунун чыгышында борошологон кар жаайт. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -4…-9, күндүз -3…-8;
Талас облусунда түнкүсүн -6…-11, күндүз -4…-9;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -1…-6, күндүз -3…+2;
Ысык-Көлдө түнкүсүн -4…-9, күндүз -2…-7;
Нарын облусунда түнкүсүн-12…-17, күндүз -4…-9;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -21…-26, күндүз -9…-14 градус суук болот.
Бишкек шаарында 22-декабрда түнкүсүн мезгил-мезгили менен кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.
Абанын температурасы түнкүсүн -6…, күндүз -8 -3 градус суук болот.