Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:35

Разаков: Мекендештерибиз ЕАЭБ өлкөлөрүндө иштегени үчүн пенсия алышат


Жеңиш Разаков.
Жеңиш Разаков.

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Санкт-Петербург шаарында өткөн Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйынынын жыйынтыгы боюнча маалымат берип жатып билдирди.

Анын айтымында, жыйында биримдикке мүчө өлкөлөрдүн жарандарынын аймакта жүрүү шарттарын жакшыртуу боюнча бир катар макулдашуулар түзүлдү. Булардын ичинде жыйындын жыйынтыгы боюнча кол коюлган Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин эмгекчилерин пенсиялык камсыздоо жөнүндө макулдашуу бар:

- Эгерде биздин жарандар Орусияда канча бир убакыт иштеп, кайра мекенине кайтып келсе, анда жалпы иштеген мезгили үчүн ага социалдык чегерүүлөр эсептелет. Алар кийин пенсияны түзөт. Бул макулдашуу ЕАЭБ алкагындагы интеграциялык долбоорлор активдүү жүрүп жатканын дагы бир ирет ырастайт. Макулдашуу биздин жарандарга башка өлкөдө иштесе да, пенсия менен камсыз болоруна келечектүү ишеним берет, - деди вице-премьер-министр Жеңиш Разаков.

Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады.

Санкт-Петербург щаарында өткөн жыйында Евразия экономикалык комиссиясынын төрт жылдык ишинин жыйынтыгы каралды.

Төрт жылда көп сандагы интеграциялык долбоорлор түзүлүп, мигранттардын эмгек ишмердүүлүгүн жеңилдетүү боюнча маанилүү иштер жасалганы кабарланып, мындан ары 2025-жылга чейин Евразия кеңешинин ишмердүүлүгүнүн стратегиялык багыттарын иштеп чыгуунун абалы талкууланды.

Жыйынга Кыргызстандын делегациясын президент Сооронбай Жээнбеков жетектеп барган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG