Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:00

Британиянын Өкүлдөр палатасы Брекзит боюнча мыйзам долбоорун экинчи окуудан кабыл алды


Британ парламенти.
Британ парламенти.

20-декабрда парламентте кабыл алынган мыйзам долбоору мурдагы, премьер-министр Борис Жонсон октябрда өткөрүүнү көздөгөн вариантынан бир кыйла айырмаланат.

Жаңы мыйзам долбооруна палатадагы 358 депутат макул болуп, 234 депутат каршы чыкты. Оппозициянын өкүлдөрү жеңилгенин мойнуна алышты.

Мыйзам долбооруна ылайык, Британия Евробиримдиктен 2020-жылдын 31-январында чыгат. Андан кийин жаңы соода келишими жөнүндө сүйлөшүүлөр башталат. Оппозиция британ өкмөтү келерки жылдын аягына чейин ага жетишпейт деп билдирүүдө, Жонсон тескерисинче баарына үлгүрө турганын айткан.

Брекзит боюнча мыйзам долбоору эми үчүнчү окууда каралат. Андан кийин Лорддор палатасында каралат. Божомолдорго караганда мыйзам долбоору эки палатадан тең колдоо табат. Британия 31-январга чейин Евробиримдик менен "ажырашуу" келишимин кабыл алып, Брекзит ишке ашса, бул өлкөнүн уюмдагы дээрлик 46 жылдан берки мүчөлүгү токтойт.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG