Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:28

Арча-Бешикте өлтүрүлгөн адамдын тек-жайы аныкталды


57 жаштагы К.Ш. аттуу адамды бычактап өлтүрүүгө шектүү адам издөөгө алынды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Улан Жумаков "Азаттык" радиосуна билдирди.

Анын сөзүнө караганда, учурда бул иш боюнча 130-берене (киши өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголуп, сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

Бишкектеги Арча-Бешик жаңы конушунда 21-декабрда саат 15:30 чамасында белгисиз адамдын сөөгү табылган. Анын денесинин бир нече жеринде бычактан калган жарааттар болгон.(ZKo)

XS
SM
MD
LG