Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:33

Кинорежиссер Болот Шамшиев дүйнө салды


Болот Шамшиев
Болот Шамшиев

Белгилүү кинорежиссер, Эл артисти Болот Шамшиев дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу анын жакындары кабарлашты.

Таанымал кинорежиссер ноябрь айынын соңунда президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгына караган атайын клиникада реанимацияда экени айтылып жаткан.

Болот Шамшиев кыргыз-совет кинорежиссеру. СССРдин Эл артисти. Ал 1941-жылы 12- январда Фрунзеде төрөлгөн.

Ал "Караш-Караш окуясы", "Ысык-Көлдүн кызгалдактары", "Ак кеме", "Сүйүү жаңырыгы", "Эрте келген турналар" жана башка көркөм тасмаларды тарткан. (ZA)

XS
SM
MD
LG