Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:09

Сыргак Кенжебаев эки айга камалды


Сыргак Кенжебаев
Сыргак Кенжебаев

Алматынын аэропортунан кармалган ишкер Сыргак Кенжебаев эки айга камалганы белгилүү болду. Бул тууралуу анын жубайы, парламенттин мурдагы депутаты Ширин Айтматова кабарлады.

УКМК азырынча буга байланыштуу расмий комментарий бере элек.

Ширин Айтматова күйөөсү Сыргак Кенжебаев Казакстандын Алматы шаарынын аэропортунда кармалганын 19-декабрдын кечинде "Твиттердеги" баракчасына жазган. Ал жолдошун белгисиз жарандар уурдап кетиши мүмкүндүгүн билдирип, казак президенти Касым-Жомарт Токаевден да жардам сураган.

Бирок Кыргызстандын атайын кызматы Кенжебаев Бишкекте алдамчылыкка шек саналып колго түшкөнүн билдирген.

Ширин Айтматова күйөөсүнүн кармалышын саясий ишмердиги менен байланыштырган.

Сыргак Кенжебаев 37 жашта. Мурдараак ал Кыргызстандын камсыздоочулар ассоциациясын жетектеген. Бир-эки жыл башта болсо Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиктин жетекчисинин орун басары болуп иштеген. Юстиция министрлигинин сайтындагы маалыматка ылайык, ал беш-алты компаниянын директору катары көрсөтүлгөн.

XS
SM
MD
LG