Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:31

Актриса Таттыбүбү Турсунбаева эскерилди


Таттыбүбү Турсунбаева.
Таттыбүбү Турсунбаева.

21-декабрда Улуттук филармонияда легендарлуу актриса, сулуулуктун эталону болгон Таттыбүбү Турсунбаеванын 75 жылдыгына арналган иш-чара өттү. Быйыл улуу актрисанын дүйнө салганына 38 жыл болот. Ал 1981-жылы 21-декабрда 37 жашында өмүрдөн өткөн.

Кечеде актрисанын чыгармачылыгы тууралуу тартылган даректүү тасма көрсөтүлүп, замандаштары анын театрдагы жана кинодогу орду тууралуу эскерип, актрисанын агасы, Эмгек сиңирген артист, обончу жана актер Нуркан Турсунбаев балалык жана студенттик жылдары тууралуу эскерди.

Таттыбүбү Турсунбаева театрда "Кызыл жоолук жалжалым", "Ромео жана Жульетта", "Ай тутулган түндө”, "Байыркы жомок" баштаган көптөгөн спектаклдерде негизги ролдорду ойносо, "Саманчынын жолу", "Ак-Мөөр", "Отко таазим", "Ак куулар конгон айдың көл", "Атадан калган туяк", "Кызыл алма" баштаган ондогон кино тасмаларды башкы ролдорду жараткан.(ZA)

XS
SM
MD
LG