Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:39

"Газпром" менен "Нафтогаз" 2,9 млрд. долларга макулдашты


Украинадагы газ компрессор. 15-октябрь, 2015-жыл.
Украинадагы газ компрессор. 15-октябрь, 2015-жыл.

Орусиянын "Газпром" жана Украинанын "Нафтогаз" компаниялары азыркы келишим боюнча дооматтарды чечүү тууралуу келишимге кол коет. Бул тууралуу "Газпромдун" башчысы Алексей Миллер 21-декабрда журналисттерге билдирди.

"Жөнгө салуу макулдашуусу алдыда жаңы дооматтарды болтурбоо, чечим чыга элек арбитраждык жана соттук даттануулардан баш тартуу, Стокгольм арбитражынын чечимин ишке ашырууну карайт".

РБК агенттиги "Газпромдун" расмий өкүлү Сергей Куприяновдун маалыматына таянып, Орусия Украинага жыл аягына чейин 2,9 млрд. доллар төлөп берерин жазды. "Газпром" мындан тышкары Стокгольм арбитражынын чечимине апелляциялык арызын кайтарып алмакчы.

Ал эми Украинанын энергетика жана айлана-чөйрөнү коргоо министри Алексей Оржель "Українськi Новини" агенттигине маалымдаганы боюнча, "Газпромдон" акча алган соң, расмий Киев бул ишканага башка доолорунан да баш тартат. Анын ичинде транизит акысы үчүн орус тарап берүүчү акча да бар.


2018-жылы 28-февралда Стокгольмдогу Арбитраждык сот Орусиянын "Газпром" жана Украинанын "Нафтогаз" ишканаларынын төрт жылдан берки талашына чекит коюп, "Газпромду" украиналыктарга 4,6 млрд. доллар кенемте төлөөгө милдеттендирген.

"Нафтогаз" "макулдашылган көлөмдө Украина аркылуу газ өткөрбөгөнү үчүн "Газпром" кенемте төлөшү керек, транзит үчүн өтө аз акы төлөп жатат" деп сотко кайрылган.

2014-жылдын июнь айында "Газпром" менен "Нафтогаз" бири бирин айыптап, миллиарддаган долларга доо коюп, коммерциялык чырларды териштирген эл аралык сотко кайрылган.

XS
SM
MD
LG