Британиянын премьер-министри Борис Жонсон Эстониядагы сапары маалында Түндүк атлантикалык альянс акыркы 500 жыл ичинде эң ийгиликтүү союздаш болгонун белгилеп, НАТОнун келечеги кең деп айтты.
Жонсон Орусия менен мамилени жакшыртуу максаты бар экенин билдирип, бул эки өлкөнү бөлүп турган "татаал көйгөйлөр" бар болгонун "ERR News" гезитине берген маегинде кыстырып кетти.
Британ өкмөт башчысы Эстонияга альянста кызмат кылган 850 аскери менен жолугушуу үчүн барган.
АКШ, Британия жана алардын союдаштары Балтика боюндагы өлкөлөргө НАТО аркылуу аскерлерин жиберип турушат. Бул Орусия Крымды аннексиялап алгандан бери ишке ашып келүүдө. Латвия менен Литва 2004-жылдан бери альянска мүчө.
Орусия НАТОну аскерлерин чек арасына жакын жайгаштырганы үчүн Европада кырдаалды чыңалтууга аракеттенип жатат деп айыптаган.