Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:01

Ошко бараткан учак коно албай Бишкекке кайтып келди


"Манас" аба майданы
"Манас" аба майданы

"ТезЖет" компаниясына таандык Бишкек-Ош каттамындагы учак 22-декабрда саат 12:15те "Манас" эл аралык аэропортунан абага көтөрүлгөн. Аэропорттун басма соз кызматынан "Азаттыкка" билдиришкендей, учак Ош аэропортуна коно албай, кайтып келген.

Баштапкы маалыматтар боюнча, буга Ош аэропортундагы аба ырайы себеп болгон.

"ТезЖет" компаниясы учагы Ошко коно албай кайтып келгени жөнүндө маалымат бере элек.


Аба ырайы бузулуп, жаан-чачын жаап, туман түшкөн учурларда жергиликтүү каттамдардагы учактар бир нече сааттап, айрым учурларда бир нече күнгө чейин уча албай калган учурлар Кыргызстанда көп катталат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG