Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:24

Ашраф Гани дагы бир мөөнөткө президент болуп калды


Ооганстандагы шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү. Кабул, Ооганстан. 28-сентябрь, 2019-жыл.
Ооганстандагы шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү. Кабул, Ооганстан. 28-сентябрь, 2019-жыл.

Ооганстандын шайлоо комиссиясынын чечими менен Ашраф Гани экинчи мөөнөткө мамлекет башчысы болду. 22-декабрда Кабулда көз карандысыз шайлоо комиссиясынын төрагасы Хава Алам Нуристани бул тууралуу журналисттерге билдирди. Анын айтымында, Гани президенттик шайлоодо 56% добушка ээ болуп, башка атаандаштарынан озуп чыккан. Ал эми анын негизги атаандашы Абдулла Абдулла добуштардын 39,5% алган.

Абдулла Абдулла ноябрь айында өзү жеңип чыккан аймактарда добуштарды кайра эсептөөгө каршы чыккан. Декабрда буга макулдугун берген.

28-сентябрда Ооганстанда президенттик шайлоо өткөн. Добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгаруу бюллетендерди эсептөөгө байланыштуу сындардан улам бир нече жолу жылдырылган.

XS
SM
MD
LG