Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
жума, 24-январь, 2020 Бишкек убактысы 21:04

Индияда полиция менен кагылышта 23 адам набыт болду


Нью-Делидеги митингчилер, 15-декабрь, 2019-жыл.

Жарандык тууралуу жаңы мыйзамга каршы митингге чыккан эл менен полициянын кагылышуусунан Уттар-Прадеш провинциясында тогуз адам өлдү. Бул маалыматты полициянын өкүлү Правин Кумар 21-декабрда тастыктады. Анын айтымында, набыт болгондордун көпчүлүгү жаштар:

- Айрымдары октон өлүштү, бирок окту полиция чыгарган жок. Биз сүрмө топту таратуу максатында көздөн жаш агызуучу газ гана колдондук, -деди Кумар.

Индияда "Жарандык жөнүндө" мыйзамга каршы нааразылык акциялары аталган мыйзам кабыл алынган 11-декабрдан бери бир нече шаарларда уланып жатат. Жалпысынан бул аралыкта полиция менен кагылыштан 23 адам набыт болгону кабарланды.


"Жарандык жөнүндө" мыйзамга ылайык, Ооганстандан, Бангладештен жана Пакистандан качып келген мусулман эмес адамдарга Индиянын жарандыгы жеңилдетилген шартта берилет. Нааразылыкка чыккандардын бир бөлүгү бул мыйзам мусулмандардын укугун чектейт деп эсептейт.

Индияда 200 миллионго чукул адам ислам динин карманат.

XS
SM
MD
LG